Биз менен байланышыңыз

«Жакында «органик», «био» сөздөрүн жөн колдонбой калышат»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2021 | 660 | 0

Бүгүнкү күндө айрым жер-жемиштерге жөн эле «био» же «эко» деп жазып коюп сатып жатышат. Бул тууралуу Органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Бул азырынча тиешелүү мыйзамдын күчүнө кире электигинен болууда. Күчүнө киргенден кийин бул сөздөрдү жөн жазганга уруксат берилбей калат.

«Азыр бул сөз мода болуп аткан үчүн баары эле продукциясына «органик» деп жазып алып  атышат. Мыйзам күчүнө кирсе, бул сөздөрдү колдонуу үчүн атайын этаптардан өтүп, органикалык жол менен өндүрүлгөнүн тастыктап бериши керек болот. Тастыктагандан кийин гана ошол лейблды колдонууга уруксат берилет. Буюрса, мыйзам кабыл алынса, ошол эрежеге келебиз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM