Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан органикалык продукция өндүрүүгө басым жасайт

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2021 | 551 | 0

Кыргызстан органикалык экопродукцияларды өндүрүү менен дүйнөлүк аренага чыгууга аракет кылат. Бул тууралуу  Органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «био», «эко» жана «органик» деген сөздөр эл аралык деңгээлде синоним катары колдонулат. Бирок Кыргызстанда учурда органикалык стандарттар жана экостандарттар кабыл алынып, экөө эки башка түшүнүк болуп калды.

«Экостандарттар менен өндүргөн продукциябызды кошуна мамлекеттерге, ал эми  органикалык стандарттар менен Европага экспорттогонго мүмкүнчүлүк ачылат. Биздин департаменттин  негизги максатынын бири – айыл чарба продуктуларын органикалык жол менен өндүргөндөргө продукциясын Кыргызстанга эле эмес, чет мамлекеттерге экспорттогонго шарт түзүп берүү. Органикалык стандарт менен өндүрүп, ага сертификат алган көп акча турат. Ага да жеңилдик түзүп берүү болуп саналат», — дейт Органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева.

Анын айтымында, учурда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан органикалык айыл чарба приоритеттүү багыттардын бири болуп тандалды. Эми бул тармакта иш алып баргандарга жеңилдетилген насыя да берилип баштайт.

«Биз Кыргызстанды жөнөкөй, салттуу продуктулар менен камсыздоодо атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Эми ушул тармакты өнүктүрүп, органикалык экопродукция чыгарууда башка мамлекеттер менен теңтайлашып, Кыргызстанды дүйнөлүк аренага чыгарганга аракет кылып жатабыз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM