Биз менен байланышыңыз

4-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 491 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча эртен, 4-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү,  тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде ,Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолорунда кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет. ​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM