Биз менен байланышыңыз

Юстиция министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына жаңы башчы дайындалды

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 283 | 0

Таштемир Чилдебаев Юстиция министрлигинин Чүй облустук жана Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Асел Чынбаева кол койду.

Таштемир Чилдебаев 1959-жылдын 21-сентябрында Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу: 

1977-179-жылдары СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн;

1980-жылы — Калкты турмуш-тиричиликтик жактан тейлөө министрлигинин Ленин (азыркы Ноокен) райондук башкармалыгында жумушчу;

1980-181-жылдары — Ленин райондук сотунун отурумдарына катчы;

1986-1991-жылдары — Ош облустук прокуратурасында: Алай районунда прокурордун жардамчысы; Кызыл-Кыя шаарында прокурордун башкы жардамчысы; Ош облустук прокуратурасында бөлүм башчы;

1991-1992-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасынын начальнигинин башкы жардамчысы;

1992-1995-жылдары — Вице-президенттин жардамчысы, укук коргоо органдары бөлүмүндө, укук коргоо бөлүмүндө референт;

1995-1998-жылдары — Ош облустук прокурорунун биринчи орун басары;

1998-2000-жылдары — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасына Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү;

2000-2009-жылдары — БУУнун Өнүктүрүү программасында жана Евробиримдикте юридикалык кеңешчи, улуттук эксперт;

2009-2010-жылдары — Юстиция министрлигинде башкармалыктын жетекчиси;

2010-2015-жылдары — Конституциялык палатанын, Жогорку Соттун аппарат жетекчиси;

2015-жылдан тартып Президенттин аппаратында укуктук тейлөө бөлүмүнүн эксперти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM