Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандынын табылбай жатышы бийликке ишенбөөчүлүктү күчөтөт

Саясат | 3 Июн 2021 | 2148 | 0

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү жана президенти, Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны 31-майдын кечинде белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Аны ыкчам издөө боюнча УКМК менен ИИМге президент Садыр Жапаров тапшырма берген. Үч күндөн бери Инандыны табууну талап кылган митингдер өтүп келет. Учурда анын белгисиз болуп жатканы боюнча ар кандай божомолдор айтылууда. Айрымдары: «Саясий кызыкчылыктар үчүн Түркия уурдап кетиши мүмкүн», —  десе, айрымдары: «Аны Бишкекте кармап жатышы ыктымал», — дешүүдө. Орхан Инандынын Кыргызстандагы орду кандай, аны уурдоого кандай кызыкчылыктар болушу мүмкүн? Жоголгон мугалимдин айланасындагы акыркы кырдаалга замандаштары эмне дейт? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Ички иштер министрлиги Орхан Инандынын 31-майда уурдалганы боюнча фактынын негизинде «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ага ИИМдин, Бишкек шаардык милициясынын, Октябрь райондук милициясынын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкерлери кирген. Учурда милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатат.

«Сапаттын» негиздөөчүсү жана президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган митингдер үч күндөн бери уланууда. Инандыны колдогон митинг 1-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында башталган, 2-июнда өкмөт үйүнүн алдында уланган. Бүгүн митинг Ак үйдүн алдында уланууда, ага 200дөй адам катышты. Алар эл өкүлдөрүнөн депутаттык комиссия түзүүнү талап кылышты. Ошондой эле Орхан Инанды табылмайынча митинг күндө саат 10до Өкмөттүн үйүнүн алдында улана берерин билдиришти.

Топтолгон элдин алдына Жогорку Кеңештин үч депутаты Нурбек Тотонов, Шайлообек Атазов жана Самат Исмановдор чыгып, аталган маселе парламентте да көтөрүлгөнүн, дээрлик бардык депутаттар окуяга тынчсызданып жатканын билдиришти.

Депутат Нурбек Тотоновдун айтымында, Кыргызстандын ар бир жаранынын коопсуздугун мамлекет көзөмөлдөшү керек. Ошондой эле ал укук коргоо органдарына негизи талаптар коюла турганын, депутаттар алдыда дагы кандай иштер алып барылышы керектигин ич ара сүйлөшүп жатышканын кошумчалады.

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти кызматын аркалап келет. Ал 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн бир канча сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргызстанда билим берүү кризиси болуп турган мезгилде Түркиянын «Сапат» мекемеси ачылып, билим берүү сапатын жогорку деңгээлге чыгарып, өрнөктүү иш кылган. «Сапатты» бүтүргөндөр эң билимдүү, мекенчил, ишкер мыкты инсандар болуп эсептелет. Мына ошолорду тарбиялоодо Орхан Инанды өтө жогорку деңгээлдеги иштерди жасады. Мындай пикирин тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.

«Орхан Инандыны мен 1990-жылдардын аягынан бери билем. Ал өзү кыргыз жарандыгын алган. Кыргызстандын бүтүндөй билим берүү системасына өтө күйгөн, мыкты мекенчил инсан катары билем. Өзүнүн бийик адамгерчилик сапаты менен да өзгөчөлөнөт. Ошондуктан Кыргызстандын мындай жаранын эгемендүү кыргыз мамлекетинде уурдап кетиши — өлкөнүн аброюна өтө чоң шек келтире турган иш. Орхан Инандынын табылбай жатканына төртүнчү күн болуп бара жатат. Анын табылбай жатышы укук коргоо органдарынын беделине да шек келтирүүдө. Себеби алар тез аранын ичинде табышы керек болчу. Бир эле Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жүктөп койбой, бүтүндөй укук коргоо органдары Орхан Инандыны табууга жапатырмак киришүүсү керек». 

Кыргызстандын билим берүү системасынын өнүгүшүнө, жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө Орхан Инандынын кошкон салымы зор экенин моюнга алып, баалоо керек деп эсептейт коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев.

Каптагаевдин айтымында, анын билим берүүгө жасаган эмгегин кыргыздар өздөрү жасай элек. Ошондуктан Орхан Инанды Кыргызстандын жараны болуп, көп жылдан бери жашап жаткандыктан укук коргоо органдары ага өтө маани берип, тыкыр изилдеп, тез арада табышы керек.

«Буга өтө маани берип карашыбыз керек. Эгерде азыр эл арасында уу-дуу болуп сөз болуп жаткандай Түркия мамлекети чынында эле уурдап же уурдоого аракет кылган болсо, бул эки мамлекеттин ортосундагы абдан чоң так болот. Бул деген — Түркиянын эгемен Кыргызстанды сыйлабаганы, кыргыз элин сыйлабай, «ким эле» деп тебелеп, тепсегенин көрсөтөт. Ошондуктан мунун эл аралык жана ички мааниси өтө чоң. Анткени жөндөн-жөн туруп, элге таанымал кишинин жоголуп кетиши азыркы кездеги саясий айдыңдабы, мамлекеттин ички түзүмүндөбү, бир топ нерселер туура эмес болгонун көрсөтүп калат. Ошондуктан буга мамлекет башчысынан баштап, ИИМ, коопсуздук кызматы өтө тыкыр мамиле кылып, тез арада ал кишини табуу керек».  

Саясатчы Равшан Жээнбеков Орхан Инандынын белгисиз себептерден жоголгону эки багытта оор кабыл алынышы керектигин белгиледи. Биринчиси, мамлекеттин ичинде жарандардын коопсуздугу, алардын коркунучка дуушар болушу бийликке, укук коргоо органдарына ишенбөөчүлүк маселесин жаратат. Экинчиси, бир өлкөнүн жаранын экинчи бир мамлекетке уурдап кетүү эл аралык деңгээлде чоң «жаңжал» жаратат.

«Бул — бардык жарандарга тиешелүү маселе. Баарыбызды кабатыр кыла турган, баарыбызды ойлонто турган, баарыбыз бийликтен талап кыла турган маселе болуп эсептелет. Жагдай Кыргызстандын ичинде жарандардын мамлекетке, бийликке, укук коргоо органдарына ишенбөөчүлүк маселесин жаратат. Бийликтин кадыр-баркын кетирет. Андан да оор маселе — эл аралык деңгээлде. Эл аралык адам укуктары боюнча конвенцияларда бир мамлекеттин жаранын экинчи бир мамлекетке уурдап кетүү — ошол мамлекет үчүн эл аралык деңгээлде көө сүйкөй турган учур болуп эсептелинет. Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетет. Азыр эл аралык деңгээлде изилдөөлөр, массалык маалымат каражаттарында жазуулар, эл аралык уюмдардын Кыргызстанга басымы жана Кыргызстанга кайсы бир деңгээлде санкцияларды киргизүү маселеси туруп калышы мүмкүн. Ошондуктан бийлик бул маселени тез аранын ичинде чечип, Орхан мырзаны таап, эгерде уурдап кетпеген болсо, өзүнүн үй-жайына, бала-чакасына кошуп бериши керек. А эгерде уурдап кетсе, анда Кыргызстандын тарыхында өчпөс, доо кетирген маселе болот». 

Кошумчалай кетсек, бүгүн Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды маалымат жыйын өткөрүп, президенттен жана укук коргоо органдарынан жолдошун издеп табуу иштерин тездетүүнү суранды. Ал жубайы Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, Орхан Инандыны издөөнү өз көзөмөлүнө алган президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM