Биз менен байланышыңыз

5 айда 19 миң 498 түгөй баш кошуп, 4 миң 389 үй-бүлө ажырашкан

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 290 | 0

Ушул жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстанда 19 миң 498 түгөй нике күбөлүгүн алып, 4 миң 389 үй-бүлө ажырашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда,

  • Бишкек шаарында — 3608 түгөй;
  • Ош шаарында — 954 түгөй;
  • Нарын облусунда — 781 түгөй;
  • Ысык-Көл облусунда — 1403 түгөй;
  • Чүй облусунда — 2688 түгөй;
  • Талас облусунда — 738 түгөй;
  • Жалал-Абад облусунда — 3705 түгөй;
  • Ош облусунда — 4092 түгөй;
  • Баткен облусунда — 1529 түгөй баш кошкон.

Ошол эле учурда

  • Бишкек шаарында — 897 үй-бүлө;
  • Ош шаарында — 207 үй-бүлө;
  • Нарын облусунда — 214 үй-бүлө;
  • Ысык-Көл облусунда — 373 үй-бүлө;
  • Чүй облусунда — 798 үй-бүлө;
  • Талас облусунда — 174 үй-бүлө;
  • Жалал-Абад облусунда — 702 үй-бүлө;
  • Ош облусунда — 707 үй-бүлө;
  • Баткен облусунда — 317 үй-бүлө ажырашууга арыз берген.

2020-жылы күчүнө кирген «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга ылайык, жарандар каалаган КТБ же ЖААК бөлүмүнө никелешүүнү же ажырашууну каттатуу үчүн кайрыла алышат. Интеграцияланган жана өз ара байланышкан жаңы тутум документтердин көчүрмөлөрүн бардык бөлүмдөрдөн, тейлөө борборлордон алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.

Никелешүү жана ажырашууну каттоонун жол-жобосу да жөнөкөйлөтүлдү. Эми мурунку жубайлардын бири ЖААК бөлүмүнө арыз менен кайрылса, экинчиси кийинчерээк кайрылса, ал жөнүндө маалымат ажырашуу жөнүндө актынын мурунку жазуусуна киргизилет.

Эгерде жубайлардын биринин дайынсыз жоголгону сот тарабынан аныкталса же кылмыш жасаганы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылса, бир тараптын арызынын негизинде, экинчи тараптын катышуусуз ажыраштыруу эрежеси кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM