Биз менен байланышыңыз

Бабанов эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 382 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду эки айга, 31-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

«Сот келтирген жүйөлөрдү такыр эске алган жок. Тергөөчүнүн гана айткандарын негиз кылып чечим чыгарды. Өмүрбек Бабанов бул иш толугу менен абсурд экенин айтты», — деди Бабановдун жактоочусу Амантур Абдрахманов.

Бабанов өзү сотко алып келингенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүнө карата козголгон иш түшүнүксүз жана абсурд экенин айткан.

Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM