Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Маршруттук таксилерге жол кире сентябрда чечилет

Коом , Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 1224 | 0

2-июнь Бишкек шаарынын тургундарынын нааразычылыктары менен башталды. Маршруттук таксинин айдоочулары ишин таштап, каттамга чыгышкан жок. Шаардык мэрия кезексиз жыйынга чогулуп, маселенин чечүү жолдорун карашканы маалымдалды. 

Буга чейин бир нече жолу козголуп, келген маршруттук таксилерге жол кирени көтөрүү маселеси кечээтен бери кайра козголууда. Айдоочулар кечээ таңдан тарта иш таштап, автобус менен троллейбуска адам батпай, эл нааразы болууда.

Кырдаалдан пайдаланган таксисттер да жеткирүү баасын кыйла кымбаттатып жиберди.

Бишкек шаардык мэриясы апрель айында жол кирени көтөрүүгө байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Анда үч вариант сунушталган: Биринчиси, баарын ошол бойдон калтыруу; экичиси, муниципалдык коомдук транспорттордо жол кирени 11 сом, жеке фирмалык ташуучулар классындагы унааларда 15 сомго көтөрүү; үчүнчүсү, автобустар – 15 сом, троллейбустар – 11 сом, жеке транспорттук компаниялардын бардык класстагы автобустар – 19 сом.

«Сиз жаңы сунушталган тарифтик акыга, тактап айтканда, 15 же 19 сом болушуна макулсузбу?» деген суроону шаардын тургундарына узатып көрдүк. Алардын айрымдары 10 сом бойдон калуусун кааласа, айрымдары 15 сомго макул экенин, 19 сом кымбат болуп каларын айтышты.

Бишкектеги маршрутка айдоочуларынын иш таштаганы жөнүндө маселе парламенттин кечээки жыйынында да козголду. Депутат Марлен Маматалиев фирма ээлери жол кире маселесин мэрия менен чечишип албай, эл кыйналып жатканын айтты.

Ал өкмөткө жумушка чыкпай жаткандардын лицензияларын алып коюу маселесин карап көрүүнү сунуштады.

«Фирма ээлери маселелерин мэрия менен чечишип албайбы, элди эмнеге кыйнайт? Ар жылы эле ушундай көрүнүш болуп жатат, биз буга киришпесек болбой калды. Өкмөткө тапшырма беребизби, же комитетке тапшырабызбы, бул маселени чечүү керек. Мен билгенден 700дөй автобусту өзүбүз эле бекер алып келип берели, бизге каттамды бергиле десе, мэрия ага көңүл бурбай жатыптыр. Азыр иш таштап жаткандардын лицензиясын алып, ошолорго беребизби, айтор бул маселени чечүү керек», — деди Маматалиев.

Кырдаалга байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту 4 автобус бөлүп берди. Бул автобустар жүргүнчүлөрдү кадимки маршруттук таксидей эле ташыйт.

«Кырдаал жөнгө салынмайынча, автобустар шаардыктарды №100 каттамда ташыйт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкек мэриясы «Транспорт тармагынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун Экономика министрлигине сунуштап, алар чечимин шаардык кеңешке жөнөткөн. Эми бул документ шаардык кеңеште каралып, алар кабыл алган токтомду Башминистр кол коюп бекитип бериши керек.

Тилекке каршы, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоо жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо дайындалды. Тактап айтканда, бул өңдүү башка маселерди кароо дагы башка мөөнөткө жылдырылды.

Вице-мэр Русланбек Акылбековдун айтымында, документте жол кире 15 сом болуп бекитилген. Бирок бул маселе сентябрь айына барып чечилет.

«Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаардык кеңеши менен коомдук транспорттогу тарифтерди көтөрүү маселесин 2021-жылдын сентябрь айына чейин иштеп чыгууга убада берди. Компания өкүлдөрү макул болушуп, маршруттук таксилердин айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турарын билдиришти». 

Белгилей кетсек, учурда күн сайын 1,5 миңдей маршруттук такси, 100гө чукул автобус жана 120дай троллейбус каттамга чыгат. Бул жашоочулары 1,5 миллионго чукулдап калган калаа жүргүнчүлөрүн үзгүлтүксүз тейлөө үчүн аздык кылары айтылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM