Биз менен байланышыңыз

Тамакка ууланды делген 22 адамдын абалы жакшы, ашкана убактылуу жабылды

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 291 | 1

25-майда Бишкек шаарындагы Москва көчөсүндө жайгашкан №1 ашканага түшкү тамактанууга барган 22 адам ууланып ооруканага түшкөн.  Бейтаптардын учурдагы абалы боюнча Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев «Маралга» буларды билдирди:

«Биз бул ишти териштирдик. Бул жерде тамактын ар кандай партиялары болуп жатат, бирок бризолдон ууланып калышты деген божомол көбүрөөк айтылууда. Анализдер алынды, жыйынтыгын күтүп жатабыз. «Сальмонеллёз» деген да шек бар. Эрежелерди бузганы үчүн ашканага 15 миң сом айып пул салынган. Учурда ашкана жабык. Уулануу себеби такталганга чейин, ошондой эле мыйзам бузуулар четтетилмейинче иштебейт». 

Ал билдиргендей, 9 бейтап Токмок шаарынын ооруканасына, 13 бейтап Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Бүгүнкү күндө ооруканада эки гана бейтап дарыланууда, калгандары үйлөрүнө чыгарылды.

1 пикир

1 пикир

  1. Куштар

    03.06.2021 09:51

    15 мин сом чипуха го. Адамдын санына карап штраф салбайбы.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM