Биз менен байланышыңыз

Инандыны колдоо митинги. Президенттик администрация жана ИИМден келишти (видео)

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 1179 | 0

Кыргыз жараны Орхан Инандыны колдоо митингин өткөрүп жаткандардын алдына Президенттик администрациянын коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков чыкты.

Ал Инандынын уурдалышы боюнча кеңешме өткөнүн, жетекчилик тийиштүү тапшырмаларды бергенин айтты.

«Абалыңарды түшүнөм, кечээ мамлекет башчы бүт күч түзүмдөрүнө тапшырма берип, азыр Ички иштер министрлиги, Коопсуздук кызматы иштеп жатат. Ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө. Иш администрациянын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Ошондуктан бир аз сабыр кылып туруңуздар. Бул маселе бизди абдан өкүндүрүп турат», — деди Адилет Жанузаков.

Чогулгандардын алдына ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси Сталбек Рахманов да чыгып, сөз сүйлөп, Инандынын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

«Сапат» эл аралык мектебинин негиздөөчүсү жана президенти Орхан Инандыны колдогон митинг 1-июнда башталган, 2-июнда да уланууда. Топтолгондор алгач Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына чогулушкан. Андан кийин Өкмөт үйүнүн алдына барышты.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ага ИИМдин, Бишкек шаардык милициясынын, Октябрь райондук милициясынын тергөөчү жана ыкчам кызматкерлери кирди.

«Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилип, кыргыз жараны Орхан Инандынын жашаган жерин аныктоого багытталган бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз жаранын издөө боюнча сотко чейинки процесстерди Ички иштер министри Улан Ниязбеков көзөмөлүнө алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM