Биз менен байланышыңыз

3-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 379 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 3-июнда түнкүсүн Нарын облусунун айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28 градус ысык болот.

Бишкекте 3-июнда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM