Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мурдагы-вице-мэри үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 340 | 0

Бишкектин мурдагы-вице-мэри Мирлан Амантуров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 2-июнда маалым болду.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкек мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча мурунку орун басары Мирлан Амантуровду 2020-жылы декабрда кармаган.

Ал ишенүү менен берилген мүлктү менчиктөө жана максатсыз колдонуу фактысы боюнча айыпталган.

Мирлан Амантуров көзөмөлгө алынган аткаруучуларды колдонуп, жолдорду оңдоо жана куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурунда «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасында жана Бишкек шаарынын мэриясында коррупциялык схема түзгөн.

Иликтөөдө 2015-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил аралыгында Мирлан Амантуров колдогон компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилген. Мэрия тарабынан өз убагында каржылоо болгонуна карабастан, аткаруучу компаниялар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер толук аягына чыккан эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM