Connect with us

Шайлоо: Президент Оштун мэрин кабыл алды

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 364 | 0

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алды. Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча муниципалдык органдар жана тиешелүү кызматтар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Садыр Жапаров кээ бир шаарларда өтө турган жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо өнөктүгүнө көңүл буруп, аны ачык-айкын өткөрүүнү, административдик ресурстарды колдонууга жол бербөөнү тапшырды.

Ал үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым жергиликтүү жетекчилер өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол бергенин айтты.

Шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун, жарандардын укугу менен эркиндигинин, коомдук коопсуздуктун, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо өтөт. 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Үч шаарда шайлоого даярдык башталды

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM