Connect with us

Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды (видео)

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 501 | 0

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталып, ишмердигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

«Күрмөнтүцемент» ААК цемент заводунун аймагына жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-ферма аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, компания электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген.

Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү менен катталды. Кылмыш ишинин алкагында майнинг-фермадан 2 миңге жакын жабдуу алынды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо улантылууда. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM