Биз менен байланышыңыз

Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштады

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 1058 | 0

Бүгүн, 2-июнда Бишкекте маршруттук каттамдын айдоочулары иш ташташты. Каттамга троллейбус, автобустар гана чыкты.

Бул тууралуу тургундар кабарлашты. Маалыматты мэрия да тастыктады.

Маршрутка ээлери иш таштай турганы бир күн мурун айтылган. Алар жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышууда.

Бишкек шаардык мэриясы апрель айында жол кирени көтөрүүгө байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Анда жол кире акысын жогорулатуунун үч варианты сунуштаган.

Биринчиси, баарын ошол бойдон калтыруу; экичиси, муниципалдык коомдук транспорттордо жол кирени 11 сом, жеке фирмалык ташуучулар классындагы автобустарда жол акынын баасын 15 сомго көтөрүү; үчүнчү вариант —  автобустар – 15 сом, троллейбустар – 11 сом, жеке транспорттук компаниялардын бардык класстагы автобустары – 19 сом.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, учурда күн сайын 1,5 миңдей маршруттук такси, 100гө чукул автобус жана 120дай троллейбус каттамга чыгат. Бул жашоочулары 1,5 миллионго чукулдап калган калаанын жүргүнчүлөрүн үзгүлтүксүз тейлөөгө жетишпейт.

Быйыл жыл башында маршруттук унаанын айдоочулары жол киренин тарифин көтөрүүнү талап кылып, иш таштоого чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM