Биз менен байланышыңыз

Токон Мамытов: Инандынын жоголушуна кайсы бир мамлекетти күнөөлөшкө эрте

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июн 2021 | 559 | 0

Орхан Инандынын жоголушуна кайсы бир мамлекетти же уюмду күнөөлөгөнгө али эрте. Мындай пикири менен Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде бөлүштү.

Ал укук коргоо органдары Түркия Африкадан Гүлендин бир тууганын алып келгенин, дагы бирин Монголиядан алып кеткенге аракеттенгенин эске алып турушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, окуя президент Садыр Жапаров Түркияга барардын алдында болуп жаткандыктан, Кыргызстан кылмыштын бетин эртерээк ачууга кызыкдар.

«Инандынын кыргыз жарандыгын алганы такталса, мамлекет анын укугун коргогонго милдеттүү. Анда бул окуя мамлекеттер аралык мамилеге өтүп кетет. Эки мамлекеттин ортосундагы чыр-чатакка чейин алып барышы мүмкүн. Бирок кайталап кетейин, мүмкүн буга Түркиянын катыштыгы бар деген божомол далилденип калат, мүмкүн далилденбей калат. Фактысы жок туруп, кайсы бир мамлекетти, же уюмду күнөөлөгөнгө эрте. Президенттин укук коргоо органдарына кайрылып, «кылмыштын бетин бат ачканга аракет кылгыла» дегени — ал да түшүнүп жатат: эгер Түркиянын буга тиешеси болсо, анда эки тараптуу жолугушууда бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Эгер тиешеси жок болсо, анда көтөрүлбөйт. Ошон үчүн укук коргоо органдары президент Түркияга барганга чейин бул окуя боюнча маалымат бериши керек», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM