Биз менен байланышыңыз

«Биздеги «Коопсуз шаарды» өнүккөн мамлекеттер 50 жыл мурун колдонгон»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июн 2021 | 568 | 0

Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» системасынын санариптештирүүгө жакындыгы да жок. Мындай пикирин Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, биздеги «Коопсуз шаар» — ар кайсы кесилишке фотоаппараттарды коюп, фотофиксация кылгандай эле көрүнүш. Мындайды өнүккөн мамлекеттер мындан 50 жыл мурун колдонгон.

«Башка мамлекеттерде машина келе жатса, видео машинаны тартканда, монитордо унаа кайсы өлкөдө өндүрүлгөнү, канча ээси болгону, канча жолу авария болгону, ээлери түрмөдө отуруп чыкканбы, жокпу, канча баласы бар, алиментке бересеси, насыясы, эмне оорусу бар экенинен бери маалыматтар чыгат.  Биздики фотоаппараттарды шаардын ар кайсы кесилиштерине коюп койгондой. Бул — анын кемчилиги. Ошентсе да, кылмыш болгон аймакта 1-2 камеранын иштеп жатышы кылмыштын изи сууй электе бетин ачууга шарт түзөт», — дейт Мамытов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM