Биз менен байланышыңыз

2040-жылдан тартып, Нарын суусу азаюунун үстүндө болот

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июн 2021 | 576 | 0

2040-жылдан тартып, Нарын суусу азаюунун үстүндө болот. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын бийик тоолуу Тянь-Шань илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту эл аралык илимий өнөктөштөр менен биргелешип жасаган иликтөө бар. Анда мөңгүлөрдүн эришин жана аянттарынын азайышын, климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен Нарын суусу дагы канча жыл көбөйөт жана кайра качан азаят деген суроонун үстүндө иштешкен.

«Иштин жыйынтыгы боюнча, дагы бир нече жыл Нарын суусу 9-11%га көбөйөт. 2040-жылы Нарын суусунун деңгээли 2011-жылкы деңгээлге түшөт, андан ары азаюунун үстүндө болот», — дейт Сатылканов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM