Биз менен байланышыңыз

Жапаров Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга барат

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 354 | 0

Бүгүн, 1-июнда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана Тышкы иштер министри Казакбаевдин Кытайга болгон расмий сапарынын жыйынтыгынын негизинде жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн бардык деңгээлдеги активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эске салсак, Си Цзиньпин менен Садыр Жапаровдун февраль айындагы телефондон сүйлөшүүсүндө Кытай төрагасы Кыргызстандын президентин өз өлкөсүнө расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган. Ушуга байланыштуу тараптардын жакынкы убактарга каралган милдети болуп, Жапаровдун Кытайга жогорку деңгээлдеги иш сапарын уюштуруусу эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM