Connect with us

«Манас» аэропорту: Түркиянын жеке учагы окутуу-машыгуу үчүн колдонулган

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 1162 | 0

«Манас» аба майданындагы  Түркияга тиешелүү делген жеке учак окуу-машыгуу үчүн колдонулган. Бул тууралуу «Маралга» «Манас» аба майданынын маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын айтымында, түркиялык жеке учак менен бүгүн, 1-июнда Бишкек-Тамчы каттамы боюнча машыгуу болуп өткөн. Аталган учак окутуу-машыгуулар үчүн колдонулган. Бул учак «Манас» аба майданында көп убакыттан бери токтоп турган.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган учак «Манас» аба майданында токтоп турган жеринен Тамчы аэропортун көздөй учкан. Бирок көп өтпөй Бишкекке келип, «Манас» аэропортуна конуп, кайра саат 14:30да абага көтөрүлгөн.

Учактардын учуусун көзөмөлдөгөн атайын сайттан алынган маалыматтар боюнча, Түркияга тиешелүү делген атайын учак учурда Бишкектеги «Манас» аба майданында токтоп турат. Ал абада 21 мүнөт болуп, Казакстан тарапка учуп, кайра «Манас» аба майданына келип конгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM