Биз менен байланышыңыз

Рыскүл Чыналиева: Калк вакцина алуунун зарылчылыгын түшүнүп баштады

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июн 2021 | 334 | 0

Азыр коронавируска каршы эмдөө активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог-дарыгери Рыскүл Чыналиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башында калк арасында кооптонуу сезимдери болуп, эмдөөгө келгендер сейрек эле. Азыр вакцина алуунун зарылчылыгын түшүнүп калышты. Чет өлкөгө чыга тургандар өздөрү келип, эмдеп берүүнү суранышууда.

«Бүгүнкү күнгө карата Бишкекте «Синофармдын» биринчи дозасын 16 миң киши, 2-дозасын 5 миң 921 киши алды.  Орусиянын «Спутник V» вакцинасын 10 миң 911, 2-дозасын 5 105 киши алды. Алардын баары өзүн жакшы сезүүдө. Вакцинациядан кийин болуп кеткен кооптуу учур азыр расмий каттала элек», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM