Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери Бишкекте 13,5 миң адам коронавируска чалдыкты

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июн 2021 | 476 | 0

2021-жылдын башынан бери Бишкек шаары боюнча 13 миң 527 адам коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог-дарыгери Рыскүл Чыналиева «Маралга» берген маегинде билдирди .

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча Бишкек шаары, Чүй облусу жана Ысык-Көл облусу «кызыл тилкеде» турат. Бишкектин «кызыл тилкеге» кирип калуусуна бир нече фактор себепкер: борбор калаага болгон ички миграция; санитардык эрежелердин сакталбай жатканы; оорулуу менен байланышта болгон жарандардын 14 күндүк карантинди сактабай, көчөгө чыгып кетип жатканы.

«Божомолдор боюнча, майдын аягы-июнда 3-толкун болот дешкен эле. Бирок азыркы абалды «3-толкун» деп айтууга болбойт. Былтыркы «кара июлдагыдай» көрсөткүчтөр жок. Ошол эле учурда абалды туруктуу деп да айта албайбыз. Эрежелерди сактабасак, 3-толкун болот, сактасак, ушундай темп менен акырын өтүп кетишибиз мүмкүн», — дейт ал.

Эпидемиологдун айтымында, быйыл былтыркыдай кошумча стационарларды ачууга зарылчылык жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM