Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Ысык-Көлдөгү пансионаттар менчикке чыгарылбайт

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 312 | 0

Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионаттар менчиктештирилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн жээгинде 4 пансионат бар, алар мурда Өзбекстанга таандык болчу.

» «Аврора» пансионаты президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Жогорку Кеңешке караштуу «Алтын-Көл», Маданият министрлигине караштуу «Витязь» пансионаттары бар. Биз иштин оң-терс жагын карап көрөбүз. Айрымдары өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша даярдыктарды жүргүзүшөт. Айрымдарында таштанды чыгаруучу эң жөнөкөй техника жок, имараттар талкаланууда», — деди Бакиров.

Муну менен катар Бакиров Ысык-Көлдөгү мамлекеттик мүлктү менчиктештирбей эле койгон оң деп белгиледи.

«Азырынча аларды менчиктештирүү жөнүндө кеп жок. Ал жакта ишенимдүү башкаруу же аутсорсинг болушу мүмкүн» , — деди мамлекеттик мүлк фондунун башчысы.

Бакиров Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн 2021-жылы эле бюджетке 1 млрд сомдон ашык каражат түшүшү мүмкүн экенин айтты.

Ал буга чейин менчиктештирүүгө каралып жаткан 20 мамлекеттик объект бар экендигин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM