Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунда ПЧР-тест алуу үчүн лаборатория иштей баштады

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 347 | 0

«Манас» аэропортунун аймагында ПЧР-тест алуу үчүн AMSBIO  лабораториясы иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ПЧР-тестти «Манас» аэропортунун 2-кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырууга болот.

AMSBIO лабораториясы буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда колдонула элек заманбап жабдуулар жана реагент менен иштегендиктен, 100 пайыз так жыйынтык берет.

— заманбап жабдуулардын аркасында ПЧР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3 499 сом) 4-5 саат үчүн (2 399 сом).

— ПЧР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү (Орусиядан башка өлкөлөргө, анткени компания азырынча «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кире элек).

— ПЧР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аккредитациясынан өткөн.

— ПЧР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1-кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн.

Корей AMSBIO компаниясы Кыргызстанда лаборатория түйүндөрүн жайылтууну көздөөдө. Бул компаниянын ПЧР лабораториялык изилдөөлөрү акыркы муундун заманбап жабдууларын колдонуу жана импорттук реагенттердин жардамы менен өткөрүлгөндүктөн, COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM