Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ымыркайларга эң көп коюлган жана өзгөчө ысымдар (тизме)

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 1852 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда ымыркайларга Мухаммед жана Раяна аттуу ысымдар эң коюлган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эркек балдарга эң көп коюлган алдыңкы 10 ысымга Умар, Рамазан, Али, Алихан, Алинур, Билал, Нурислам, Амир жана Эмир кирет. Ал эми кыздарга Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке деген аттар эң көп берилет.

Өлкөдө кыздарга популярдуу ысым тандоо артыкчылыгы 2016-жылдан бери дээрлик өзгөргөн жок. Раяна ысымы бешинчи жыл катары менен алдыңкы орунда келе жатат.

6 жыл катары менен эркек балдарга коюлуп келген Умар ысымы бул жылы бир орунга ылдый түшүп, Мухаммед ысымы биринчиге чыкты. Тактап айтканда, 1449 ата-эне ымыркайларына Мухаммед деген ат ыйгарышкан.

Ошондой эле балдарына сейрек кездешүүчү, өзгөчө кызыгууну жараткан Ханбийке, Меридиана, Фея, Киара, Сүйүү; Атилла, Ипып, Рамос, Сталин, Хантеңир сыяктуу ысымдарды ыроологон ата-энелер да бар.

Андан тышкары өтө сейрек болсо да, кыздар арасында Ассмо, Хаял, Сюита, Айел, Жанай, Чүрөк, Айлуу, Акылчач, Аймелек, балдар арасында Назым, Эркебулан, Аймин, Теңиз, Байрас, Кычан, Жалын, Бегим, Аян, Улутман ысымдарын да кездештирүүгө болот.

Ушул жылдын 5 айында 52 миң 469 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 52 миң 541 ымыркайга «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM