Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык спортчу кыздар Түркиядагы мелдеште 4 медаль утуп алышты

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 389 | 0

28-30-май күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү «Champions-2021» XXIII эл аралык мелдешинде 4 медаль (2 күмүш, 2 коло) жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабралашты.

Маалыматка ылайык, Калмира Билимбекова (салмактык категория – 57 кг) жана Сезим Жуманазарова (59 кг) күмүш медаль тагынышты. Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 кг) жана Бермет Нуридин кызы (57 кг) мелдеште 3-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү мелдешке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM