Биз менен байланышыңыз

Чек арада жабыркаган үй бүлөлөрдүн балдарына майрамга карата белектер берилди

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 377 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Баткен районунун Көк-Терек жана Таш-Тумшук айылдарындагы балдарды бүгүнкү майрам менен куттуктап барды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Абдирашит Ташбалтаев, ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаевдин куттуктоосун жана белектерин жеткирип, балдарга саламаттык, кең келечек каалады.

Жалпы 21 үй-бүлөгө окуу китептери менен таттуулар, оюнчуктар салынган баштыктар тапшырылды. Ал эми Баткен районун акими ар бир үй бүлөгө акчалай жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек чек арада орун алган куралдуу жаңжалда аталган айылдарда турак жайсыз калган жарандар учурда убактылуу мобилдүү үйлөрдө, чатырларда баш калкалашууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM