Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Молдокматов дагы эки ай камакта болот

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 470 | 0

«TURAN» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Бишкектеги СИЗО-1де 6-июлга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 1-июнда Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Тарапташтарынын айтымында, Молдокматовго тагылган 245-берене боюнча айып 2 сааттын ичинде 264-беренеге алмаштырылган. 

Эске салсак, Молдокматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага 8-майда Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылып, эки айга камакка алынган. 

Ал эки иш боюнча сурак берип жатат: биринчиси, 5-6-октябрдагы окуяларга күбө катары, ал эми экинчиси, 9- октябрда ачылган кылмыш иши боюнча.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM