Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө бир сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 269 | 0

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 4, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Масадан айылында аянты 170 чарчы метр үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 24 чарчы метр чатыры жана жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM