Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата айтыш өтөт

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 402 | 0

20-июнда Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фонду билдирди.

Салт болуп калгандай эле 19-июнь саат 10:00дө КТРКнын залында айтышка катыша турган акындар тандалып алынат. Миллион сом байге коюлган чоң айтыш 20-июнь саат 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында болот.

Быйыл «Айтыш» коомдук фондунун түптөлгөнүнө 20 жыл толот. Буга карата респулбикалык деңгээлдеги ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келүүдө. Айта кетсек, 17-январда Эл акыны Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси, 28-мартта Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата айтыш өткөн. Мындай саамалык жыл аягына чейин уланарын белгилешет фонддун жетекчилиги.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM