Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 382 адамдан табылып, 7 бейтап каза болду

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 320 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 1-июнга карата коронавирус дагы 382 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 184, Ош шаарында – 40, Чүй облусунда – 70, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 20, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 329 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 200, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 5 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 105 миң 111 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 миң 873 киши айыгып чыкса, 1 миң 815 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM