Биз менен байланышыңыз

Максат Сабиров УКМКга сурак берип чыкты

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 341 | 0

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Сабиров «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Мурунку эл өкүлүнүн айтымында, ал «Кумтөр» боюнча комиссиянын мүчөсү болгон.

«Мен күбө катары суралдым, анткени 2012-2013-жылдары мен «Кумтөр» боюнча комиссиянын мүчөсү болгом. Сурактын деталдарын толук айта албайм», — деди Максат Сабиров.

Кечээ, 31-майда «Кумтөр» иши боюнча бир нече саясатчылар суракка чакырылып, айрымдары камакка алынды. Тактап айтканда, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча камалды, ошондой эле депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев суракка алынган болчу. Кийинчерээк УКМК мурдагы депутаттарды Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимовду да суракка алганы белгилүү болгон.

Эскерте кетсек, 15-майда «Кумтөр Голд Компанинин» кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин айткан.

Компанияга тышкы башкаруучу катары Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM