Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев: Кыргызстан «Кумтөрдү» жаап сала албайт

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июн 2021 | 358 | 0

Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары «Кумтөрдү» иштетпей, жаап таштоо сунушун берген. Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн аны жаап салганга бийликтин шайы жок деген ойдо.

«Кумтөрдү» жаап салсак, жарым жылга жетпей бүгүнкү бийлик кетет. Ансыз да абалыбыз чатак. Көрүнгөндөн карыз сурап атабыз: Орусиядан, Казакстандан, Туркиядан, Кытайдан сурадык. Бай мамлекет болсок, зыяны тийип атат деп жаап салсак болмок. Бирок биз азыр аны иштетүүгө аргасызбыз. Кыргызстан аргасыз. Бүгүнкү бийлик үчүн бул, орусча айтканда,  «вопрос жизни и смерти». Айлык, пенсия берилбей калса эле, кыргыздар көчөгө чыгат. Бийликтин «Кумтөрдөн» башка да көйгөйлөрү көп», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM