Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров жакында Түркияга барат

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 421 | 0

Президент Садыр Жапаровдун жакын арада Түркияга барары айтылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Азырынча Жапаровдун Түркияга жасай турган сапарынын так мөөнөтү айтыла элек. Иш сапарга баруу маселеси Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын жолугушуусунда козголгон.

Иманалиев сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчиге ушул жылдын апрель айындагы иш сапарында Түркиянын Маданият жана туризм министри, Спорт жана жаштар министри менен жолукканын, анда каралган маселелер, сүйлөшүүлөр боюнча айтып берген.

Ошондой эле ал элчилик менен министрликтин миссияларынын окшоштугун, алардын ишмердиги эки мамлекеттин достугун чыңдоого багытталганын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM