Биз менен байланышыңыз

Балдар майрамына карата Бишкекте өтө турган иш-чаралар (тизме)

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 459 | 0

Бүгүн, 1-июнь «Эл аралык балдарды коргоо» күнүнө карата борбор калаада бир нече иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Октябрь району:
-1-июнда түшкү саат 12:00дө «Ата-Түрк» паркында балдар үчүн майрамдык иш-чара өтөт.

-6-кичи районунда №1 үйдүн алдында кечки саат 18:00дө ар кандай оюндарды уюштуруу менен сквердин ачылышы болду.

Биринчи Май району:
-«Молодежный» паркында саат 10:00дөн 13:00гө чейин улуттук жана спорттук оюн-зооктор, кичи футбол, улуттук жана башка кызыктуу оюндар өткөрүлөт.

Свердлов району:
-Бүгүн саат 10:00дө Восток-5 кичи районунун «Арбат» аллеясында майрамдык концерт уюштурулуп, балдарды куттуктоо иш-чарасы өтөт.

-Саат 10:00дөн баштап «Карагачевая Роща» сейил багында «Жазгы Спартакиада» иш-чарасы даярдалган, андан кийин саат 12:15те майрамдык концерт уюштурулат.

Ленин районунун аймагында:
-Бүгүн түшкү саат 12:00дө Фучик паркында спорттук иш-чараларды даярдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM