Биз менен байланышыңыз

«Улутташтыруу гана «Кумтөрдү» Кыргызстанга мыйзамдаштырып бере алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июн 2021 | 471 | 0

Улутташтыруу гана «Кумтөрдү» эл аралык аренада бизге мыйзамдаштырып бере алат. Мындай пикирин саясатчы, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал жеке өзү, «Ата Мекен» партиясы «Кумтөрдү»улутташтыруу демилгесин буга чейин колдоп келгенин, азыр да колдой турганын белгиледи. Мамлекеттин өз аймагындагы менчикти тартып алууга укугу бар. Болгону «Центеррага» баасын бычып, төлөп бериши керек.

«Биз «Кумтөрдү» улутташтырып, пайданы өзүбүз көрүшүбүз керек. «Кумтөр голд компанинин» 2012-жылкы бухгалтердик отчетунун балансында компаниянын баасы 615 млн доллар экени жазылып турат. Анын жарымынан көбү биздики, демек биз «Центеррага» 200-300 млн доллар гана төлөп беришибиз керек. Төлөөнүн өлчөмүн, графигин, жолун мамлекет өзү аныктайт. Биз 300 млн долларды 10 жылда бөлүп-бөлүп төлөп беребиз десек болмок. Же 3 млрд доллар экологиялык зыянды төлөгүлө, ошонун эсебинен беребиз десек болот. Анда «Кумтөр» бизде калып, «Центерра» кайра бизге карыз болуп калмак», — дейт саясатчы.

Текебаев азыркы бийликтин компанияга убактылуу тышкы башкаруу киргизгенин «Кумтөрдү» улутташтырууга алып бара турган кадам катары баалады. Анын айтымында, бул иштердин баары компанияны мамлекетке алуу менен аякташы керек. Бирок ошол эле учурда тыштан душмандарды көбөйтпөө маанилүү.

«Мен бүгүнкү бийликке кеңеш айтар элем: бир ишти бүтүрүп алып, анан кийинкисине өтүү керек. Бир убакта көп фронтто күрөшпөө керек. Башынан эле «Кумтөрдү» улутташтыруу планыбыз болсо, Европаны сылап-сыйпоо керек эле. Американы «сиз жакшысыз»  деш керек эле. Анын ордуна Камчы Көлбаевге, Райымга болушуп, Америкага атырылдык. АКШ керек болсо, Орусияга акыл үйрөтүп, санкция берип атат. Аларга баш ийкеп коюп, акырын өз ишибизди кыла беришибиз керек эле. «Кумтөрдү» алабыз деп турганда, аларды өзүбүзгө каршы буруп, эмне кылабыз? Азыр Канада менен Улуу Британия өкмөтү тынчсызданганын билдирип жатат. Эртең «туура эмес кылдыңар» деп, Евробиримдик чыгат. Чоң проблеманы чечем десең, майдасын кийинкиге калтыр», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM