Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы балдар тууралуу статистика

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 607 | 0

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул дата 1950-жылдан бери белгиленип келет.

Кыргызстандагы балдардын абалы боюнча Улуттук статистика комитети баяндама жарыялады.

2021-жылдын башына карата өлкөдө 18 жашка чейинки 2 млн 512 миң бала катталган, алардын 51%ы эркек балдар. 2020-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 56 миңге же 2,3%га көбөйгөн.

Үстүбүздөгү жылдын башында:

  • 44% — 7 жашка чейинки тестиер (1 млн 118 миң);
  • 43% — 7-14 жашка чейинки өспүрүм (1 млн 74 миң);
  • 13% — 15-17 жаштагы кыз-улан (320 миң) катталган.

Балдардын 67%ы айыл жергесинде жашашат.

2020-жылы 158 миңден ашык бала: 81 миңи эркек, 77 миңи кыз төрөлгөн.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 19%ынын ата-энеси юридикалык никеге турган эмес. Алардын 50%ы ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча, ал эми 50%ы энелеринин гана арызы менен катталган.

Өлкөдө жугуштуу ооруларды азайтуу максатында алдын ала эмдөө жүргүзүлөт. 2020-жылы 1 жашка чейинки балдардын 99,6%ы кургак учукка каршы, 87,1%ы көк жөтөл, кептөөр жана столбнякка каршы, 93%ы эпидемиялык паротит жана кызамыкка каршы вакцина алган.

2020-жылдын аягына карата республикада 18 жашка чейинки 32 миңден ашуун майып бала бар экени катталган. Бул майыптардын жалпы санынын 16,5%ын түзөт. Алардын катарына жыл сайын 4 миңге жакын бала кошулуп келет.

Кыргызстанда 2020-жылдын аягында 106 миңге жакын үй-бүлө, анда жашаган 340 миңден ашык бала социалдык жактан коргоого муктаж экени такталган.

2020-жылдын аягында 13,9 миң бала катталып, анын 5,4 миң томолой жетим экени аныкталган, Мунун ичинен 8,3 миңи мамлекеттик же башка тараптардын камкордугуна алынган. Өткөн жылы балдар үйүнөн 5,6 миң баланы багылып алынган.

Жыл ичинде таптакыр кароосуз калган 1,9 миң бала катталып, анын 674ү томолой жетим экени аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM