Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Талант Узакбаев камалды

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 545 | 0

Бүгүн,  31-майда бир катар тергөө иш-аракеттеринен кийин Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышка шектелип, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев камалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары камакка алынды.

«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин улантууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турарын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM