Биз менен байланышыңыз

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору кайра иштелип чыгат

Кыска кабар | 30 мая 2021 | 431 | 0

Эртең, 31-майда Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жыйын өткөрөт.

Анда президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү маселеси каралат.

Бул мыйзам тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев маалымат берет.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата каршы пикирге 2020-жылы 3-августта мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ал мыйзамдын негизги концепциясын колдой турганын, бирок төмөнкү жагдайларга каршы экенин билдирген:

-Пикир билдирүүнүн эркиндиги жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн негизги мыйзамында, адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык келишимдерде кепилдик кылынган адамдын фундаменталдуу укуктарынын бири болуп эсептелет. Бул демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.

Ошол эле учурда Конституция жарандарды башка адамдардын укуктарын, эркиндигин, ар-намысын жана аброюн урматтоого милдеттендирет. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана аброюнун корголушуна укуктуу.

Каршы пикирде пандемия мезгилинде социалдык тармак аркылуу жалган маалыматтарды тараткандар коомдук тартипке, коопсуздукка зыян келтирип жатат деп айтылат.

Анын кесепетинен коргоо үчүн мыйзамды ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин карап чыгуу сунушталды. Аны коомчулук, эксперттик коом жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү биргеликте карашы керек.

Жогоруда айтылган жагдайларды эске алуу менен «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул каршы пикирди Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгары айтылган.

Демилгечи депутат Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жарандарды интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталганын айткан.

Интернетти көзөмөлдөөгө каршы чыккан жарандар, активисттер Бишкекте Ак үйдүн алдына митинге чыгышкан. Алар «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун сөз эркиндигине карата басым катары баалашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM