Биз менен байланышыңыз

«Челси» клубу Чемпиондор лигасын экинчи жолу жеңип алды

Кыска кабар , Спорт | 30 мая 2021 | 1275 | 0

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 30-майда өткөн финалында англиялык «Челси» клубу «Манчестер сити»  клубун 1:0 эсебинде утуп алды.

«Челси» клубу ушуну менен Чемпиондор лигасын экинчи жолу жеңип алды. Биринчи жолу 2012-жылы чемпион болгон.

Оюндун 42-мүнөтүндө жалгыз голду лондондуктардын жарым коргоочусу 21 жаштагы футболчу Кай Хавертц киргизди.

60-мүнөттө «Манчестер ситинин» жарым коргоочусу Кевин Де Брейне «Челсинин» коргоочусу Антонио Рюдигер менен болгон кагылышуудан кийин жаракат алып, алмаштырылды.

Чемпиондор лигасынын финалдык беттеши Португалиянын Порту шаарында «Драгау» стадионунда өттү. «Челси» тарыхта экинчи жолу Чемпиондор лигасын жеңип алды, «Манчестер сити» биринчи жолу мелдештин финалында ойноду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM