Биз менен байланышыңыз

Мухаммедкалый Абылгазиевдин абактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 380 | 0

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин абактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун 21-майдагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Мухаммедкалый Абылгазиевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы мөөнөтү 26-июлга чейин узартылды.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл январь айынын соңунда мыйзамсыз баюу жана коррупцияга байланыштуу кармалган. Ал премьер-министр болуп турганда мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгону айтылган.

Тагыраагы, «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүнгөн. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Абылгазиев мындан тышкары, мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашырган. Аны мыйзамдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган.

Ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул мүлктөр башкалардын атына катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM