Биз менен байланышыңыз

Минск: Лукашенко КМШнын премьер-министрлери менен жолугушту (сүрөт)

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 345 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусиянын президенти Александр Лукашенкого жолукту.

Жолугушууда Лукашенко өкмөт башчыларга КМШ ичинде толук кандуу интеграциялашууга зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу керектигин айтты.

Бул жыйын уюмга мүчө мамлекеттер арасындагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча дем берерин белгиледи.

Андан соң делегация башчылары Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Ушул күндөрү Улукбек Марипов Минск шаарында жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM