Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Казакстанга дагы бир авиакаттам ачылат

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 361 | 0

Бишкектен Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарына Түркстан аркылуу учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, 31-майдан баштап Түркстан-Бишкек-Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачылат.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын «FlyArystan» авиакомпаниясы аркылуу жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Учуу убактысы: 1 саат 15 мин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM