Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык дзюдочулар Дүйнө биринчилигине катышат

Кыска кабар , Спорт | 28 мая 2021 | 1052 | 0

Кыргызстандын Дзюдо боюнча курама командасы Венгрияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш 6-13-июнь күндөрү Будапешт шаарында өтөт. Ага Кубанычбек Айбек уулу (60 кг), Владимир Золоев (81 кг), Эрлан Шеров (90 кг) жана Юрий Краковецкий (100 кг) күч сынашат.

Ошондой эле дарыгер Иса Бичанов,  башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов, улук машыктыруучу Сергей Мистрюков да барат.

Улуттук курама команданын мүчөлөрү Будапешт шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM