Биз менен байланышыңыз

Ак-Сайдын эли президенттен коопсуздукту камсыздап берүүнү суранды

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 265 | 0
Ак-Сай. Президент менен жолугушууга келген жергиликтүү тургундардын балдары

Президент Садыр Жапаров 28-майда Баткен районундагы Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Ал облустун тургундарына мындан ары да жакындан көңүл бурарына ишендирип: «Мен күч-аракетимди чек ара коопсуздугун камсыз кылып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жумшайм», — деди.

Тургундар Ак-Сай айылында чечилбеген социалдык көйгөйлөр арбын экенин, бирок учурда эң башкысы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо болуп турарын айтышты.

Алар Баткен облусуна өзгөчө статус берилгени маанилүү кадам болгонун, өз айылдарынан кеткилери келбегенин билдиришти.

27-майда Жогорку Кеңеш «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиевдин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты — Баткен облусунда ыкчам чечимдерди кабыл алуу, социалдык-экономикалык өнүгүүнү жогорулатуу, калктын жашоосун жакшыртуу, ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калктын жумуштуулук деңгээлин арттыруу, региондун жана мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратуучу деструктивдүү факторлорго бөгөт коюу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM