Connect with us

COVID-19: Жети бейтап каза болуп, 283 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 28 Май 2021 | 445 | 0

Кыргызстанда 28-майга карата COVID-19 илдетинен 7 бейтап каза болду. Анын төртөө Бишкек шаарында, калгандары Чүй, Талас облустарында жана Ош шаарында катталды. Муну менен коронавирустан каза тапкандардын саны 1 миң 788 адамга жетти.

Кыргызстанда дагы 283 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 103 миң 866 адамды түздү.

Ал эми бир сутка ичинде 391 адам коронавирустан айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери жалпы 97 миң 542 бейтап оорудан сакайган.

Акыркы сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Пандемия башталгандан бери 4637 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алган, анын ичинен 4 миң 560 медкызматкер айыккан.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда коронавирустан 1 миң 658 бейтап, үй шартында 1 миң 854 адам дарыланууда. Анын 1126сы орто абалда, 422 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM