Биз менен байланышыңыз

Президент чек арачыларды майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 579 | 0

28-май — чек арачылардын кесиптик майрамы. Буга карата президент Садыр Жапаровдун куттуктоосу жарыяланды.

Садыр Жапаров 2019-жылы чек арада курман болгон прапорщик Равшан Муминовду эстеп, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кандуу окуяда капитан Нурсултан Манасбек уулунун, капитан Эсентур Кубанычовдун, прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин каармандыгы кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталарын айтты.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн кайгылуу окуянын сабактары талдоого алынып, улуттук чектерди ишенимдүү кайтарууну жогорулатууга, чек арага жакын райондордо жашаган тургундардын тынч жашоосун коргоого жана эки мамлекеттин, элдердин ортосундагы коңшулук жана достук мамилелерди калыбына келтирүүгө багытталган так чечимдер кабыл алынып жатат. Биздин ата-бабаларыбыздын кылымдар бою калыптанган өз ара ишенимин калыбына келтирүү өтө маанилүү жана мындан ары ушуга окшогон чек ара чыр-чатактарынын кайталанышына жол бербөө керек«, — деп айтылат куттуктоодо.

Кыргыз-тажик чек арасында 28-29-30-апрель күндөрү Тажикстан тараптан куралдуу кол салуу болуп, Кыргызстандын 36 жараны каза болгон, арасында жаш балдар жана үч аскер кызматкери да бар. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объект жана 5 башка мамлекеттик имарат өрттөнгөн жана талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM