Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Аалымдар Кеңешине жаңы төрага шайланды

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 2559 | 0

Абдиманап кары Масалиев Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Бүгүн, 27-майда өткөн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин XVII протоколук жыйынында буга чейинки төрага Абибилла ажы Кадырбердиевдин кызматтан кетүү арызы канааттандырылды. Бошогон орунга өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен Абдиманап кары Масалиев Аалымдар Кеңешине төрага болду.

Масалиев Абдиманап Маликович 1965-жылы Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген.

Атасы молдо Малик 12 жаштагы уулун дин илимин окуусу үчүн алгач Баткендин Раут-Каут айылындагы Шамши аттуу молдого окууга берген. 18 жашка чейин молдо Сабыр, молдо Шакир ажылардан илим алган. Советтик Армиянын катарында аскердик кызматты өтөп келгенден кийин Тажикстандын Исфара шаарындагы молдо Абдисами ажыга шакирт болуп, Курани Каримди толук жаттаган.

Алгачкы эмгек жолун 1991-1994-жылдары Ташкенттеги «Абдулкосим» медресесинде мударрис болуу менен баштаган. 1994-1996-жылдары Сокулук районундагы Сокулук жана Шалта айылдарында жеке үйлөрдө (хужраларда) жаштарга дин таалимин окутуп, Куран жаттаткан.

1996-жылы Кыргызстан мусулмандарынын I Курултайында Уламалар Кеңешине мүчө болуп шайланып, ошол эле жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитине имамдын орун басары болуп дайындалган.

1997-жылдын июнь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитинин башкы имамы болуп бекитилген.

2000-жылдагы Кыргызстан мусулмандарынын курултайында кайрадан Уламалар Кеңешине мүчө болгон.

2006-жылга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалаган.

2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын Туңгуч конушундагы мечитте имам хатиб болуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM