Биз менен байланышыңыз

2030-жылы Борбор Азиядагы эки ири дарыянын суусу 10-15% азайышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2021 | 1551 | 0

Дүйнөдөгү ысыктан Борбор Азиядагы эки ири дарыя – Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя –  2030-жылга карата 10-15%га азайышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзбекстандын Стратегия жана аймактар аралык изилдөөлөр институтунун директорунун биринчи орун басары Акрамжон Неъматов билдиргенин uz.sputniknews.ru агенттиги жазды.

Анын айтымында, ушул кылымдын аягына чейин Борбор Азияда абанын температурасы 7 градуска көтөрүлүшү ыктымал.

«Бул жагдай аймактагы дарыялар менен көлмөлөрдү толтуруп турган мөңгүлөрдүн бат эришине алып келет. Экологдордун божомолу боюнча, жыйынтыгында эки ири дарыя – Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя – 2030-жылга карата 10-15%га азайышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM