Биз менен байланышыңыз

Суусамырдагы жол кырсыгында 5 адам каза болду (сүрөт)

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 1955 | 0

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыкта 5 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Такталган маалымат боюнча, Чүй облусунун Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Тайота Камри» менен «МАН» оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын  кесепетинен «Тайота Камри» унаасында 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болгон.

Жерине ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM